Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 05:12
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Министр Улан Ниязбеков 13 жаштагы кыздын зордукталганы боюнча комментарий берди

18.07.2022 12:56
353
Министр Улан Ниязбеков 13 жаштагы кыздын зордукталганы боюнча комментарий берди


Милиция кызматкерлери тарабынан 13 жаштагы кызды зордуктоо фактысы боюнча Бишкектин Свердлов РИИБнин башчысынын эки орун басарына сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу ички иштер министри Улан Ниязбеков маалымат жыйынында билдирди.


Ал райондук милициянын бул аракетин уят деп баалады.


«Укук коргоо органдарынын мындай жаман ишке барышы уят. Бул жерде отурган баарыбыздын эже-карындаштарыбыз, кыздарыбыз бар. Иш сотко өткөрүлдү. Чечимди сот чыгарат. Райондук ички иштер бөлүмүнүн эки орун басарына катуу сөгүш жарыяладык», - деди Улан Ниязбеков.


Эске салсак, бул кылмышка шектелип эки милиция кызматкери, дагы бир шериги – “Дордой” базарынын күзөтчүсү кармалган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн