Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 09:37
USD
86.50
86.85
EUR
90.40
91.40
RUB
0.855
0.885

Министр айыл чарба азыктарына ашыкча химиялык заттарды колдонгон адамдар бар экенин айтты

20.01.2022 15:57
848
Министр айыл чарба азыктарына ашыкча химиялык заттарды колдонгон адамдар бар экенин айтты

Кыргызстанда айыл чарба азыктарына минералдык жер семирткичтер менен гербициддерди көп өлчөмдө колдонгон абийирсиз өндүрүшчүлөр бар. Бул тууралуу  брифингде айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.


Анын айтымында, кээ бир азыктарда нитраттын көлөмү коопсуз чектен ашып кеткен.


"Эгер помидорду өстүрүүдө жер семирткичтер көп көлөмдө колдонулса, ал жемиштин курамында калып калат. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө жашылча-жемиш гербицид менен пестицидди колдонуу эрежесин бузуу менен өндүрүлүүдө. Учурда биз нитраттын көлөмүн өлчөгөн приборлорду сатып алууну караштырып жатабыз. Алып калсак, жашоочулар базарга барганда жашылча-жемиштин сапатын текшере алат", — деди министр.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн