Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Бишкек шаарындагы № 61 физика-математикалык мектеп-лицей окуу борборунун директору Юрий Низовскийдин кармалышы тууралуу пикирин билдирди. Бул тууралуу ал Майраш Базлакуновага берген маегинде айтып берди.
"Мен дагы анын кармалышы тууралуу маалыматты интернеттен окудум. Ишти Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети алып барган экен.
Чынында, бир адамдын бир орунда көп жыл бою жетекчи болуп калышы коррупцияга жол ачат. Ошондуктан биз мектеп директорлорун ар беш жыл сайын алмаштырып турууну киргизип жатабыз",- деди министр.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн