S-line жана "Ихсан групп ЛТД" сыяктуу турак жай кооперативдерине көп сандаган жарандар алданган. Бул тууралуу ички иштер министри Улан Ниязбеков маалымат жыйын учурунда билдирди.
Министрдин айтымында, кармалган шектүүлөрдүн жана кооперативдердин бардык эсептери жана мүлкү камакка алынган. Соттун чечими менен бардык жабырлануучуларга келтирилген зыян ушул каражаттын эсебинен өндүрүлөт.
Белгилей кетсек, министр Улан Ниязбеков элге жарым жылдык отчетун берүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн