Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 18:25
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Министр жеке өзү 121 жаранды кабыл алган. 11 айда ИИМге 4310 арыз, кайрылуу келип түшкөн

28.12.2021 18:22
1090
Министр жеке өзү 121 жаранды кабыл алган. 11 айда ИИМге 4310 арыз, кайрылуу келип түшкөн

Ички иштер министрлигинде жарандардан келип түшкөн арыздар, кайрылуулар өзгөчө көзөмөлгө алынат. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.


  Үстүбүздөгү жылдын 11 айы ичинде министрликке жалпысынан 4310 арыздар жана кайрылуулар келип түшкөн. Анын ичинен: Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараттынан -527 (көзөмөлгө алынганы -257), Министрлер Кабинетинен – 197 ( көзөмөлгө алынганы -197); Коопсуздук Кеңешини Катчылыгынан - 89 (көзөмөлгө алынганы – 89); Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен – 57, (көзөмөлгө алынганы – 57); Акыйкатчыдан – 64 (көзөмөлгө алынганы –63); Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынан –142, (анын ичинен көзөмөлгө алынганы –126); жарандарды кабыл алуудан – 740 (көзөмөлгө алынганы – 728); электрондук кайрылуулар – 741 (көзөмөлгө алынганы –738), ишеним телефону аркылуу – 9; жана башка кайрылуулар – 1744 (анын ичинен 181 көзөмөлгө алынганы). Көзөмөлгө алынган арыз жана кайрылуулардын жалпы саны – 2715 түзгөн. 


Ар бир жаран министрликке тиешелүү болгон өз көйгөйлөрү боюнча өздөрүнө ылайык жолдор аркылуу арыз менен төмөнкү даректерге кайрылышса болот: Бишкек шаары Фрунзе көчөсү 469, [email protected] электрондук дарегине кат түрүндө жиберүү мүмкүнчүлүлүгү каралган, +(996 312) 26 60 27 “ишеним телефону” жана “коомдук кабылдама” +(996 312) 26 60 64. 

Жогоруда көрсөтүлгөндөн тышкары “Коомдук кабылдама” аркылуу жарандарды бекитилген графикке ылайык иш күндөрү эртен мененки 9.00- 17.00 чейин жетекчилик тараптан жеке кабыл алуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн.


Жыл башынан тартып ички иштер министри Улан Ниязбеков 121 жаранды жеке өзү кабыл алган. 


Ички иштер министрлигине түшкөн көпчүлүк кайрылуулар тергөө жана жоруктар боюнча бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин сотко чейинки өндүрүштөгү, тергөө учурунда иштерде кетирген кемчиликтер боюнча, арыз даттануулар болгон, ошондой менен бирге жумушка алуу жана ички иштер органдарына кызматка кайрадан орношуу боюнча арыздар менен кайрылышкандарын белгилесек болот. Ар бир келип түшкөн арыздар жана кайрылуулар өз убагында каралып тиешелүү чаралар көрүлгөн.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн