Кулжа 26, 2024
Убакыт: 10:26
USD
86.40
87.30
EUR
92.30
93.30
RUB
0.960
1.000

Министр жол кырсыгынан каза болгон электр кызматкерлеринин жакындарына көңүл айтты

18.11.2021 13:03
466
Министр жол кырсыгынан каза болгон электр кызматкерлеринин жакындарына көңүл айтты

Энергетика министри Доскул Бекмурзаев жол кырсыгынан каза болгон «Түндүкэлектрдин» кызматкерлеринин жакындарына жана туугандарына көңүл айтты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.


«Энергетиктер оор жоготууга учурады. Жол кырсыгынын кесепетинен каза болгон «Түндүкэлектр» ААКтын 3 кызматкеринин жакындарына жана туугандарына Энергетика министрлигинин жана өзүмдүн атымдан терең кайгыруу менен көңүл айтам.


Бул жол кырсыгы ар бир жарандын жүрөгүн жаралап өттү. Кызматтык милдетин так аткарып, кырсыктын кесепетинен каза болгон кызматкерлердин элеси энергетиктердин жүрөгүнүн түпкүрүндө сакталат!»

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн