Бугу 06, 2024
Убакыт: 16:10
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Министрлер кабинетинде агроөнөр жай тармагынын көйгөйлүү маселелери талкууланды

14.09.2023 12:23
238
Министрлер кабинетинде агроөнөр жай тармагынын көйгөйлүү маселелери талкууланды


Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев айыл чарба жана агроөнөр жай комплексиндеги көйгөйлүү маселелерди талкуулаган жыйын өткөрдү. 

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, жыйынга тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери, ошондой эле Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын өкүлдөрү катышты.

Жыйындын жүрүшүндө Ассоциациянын өкүлдөрү айыл чарба тармагындагы бизнестин учурдагы абалы жана көйгөйлөрү тууралуу айтып, өзгөчө жумушчу күчү жана квалификациялуу кадрлардын жетишсиздигин белгилешти.

Мындан тышкары, Ассоциация өкүлдөрү сугат суунун жетишсиздиги, айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө салык салуу, экспортту өнүктүрүү, республиканын аймактарында өнөр жай аймактарын түзүү зарылдыгына басым жасашты.

Айтылган көйгөйлөрдү жана маселелерди талкуулоонун жыйынтыгы боюнча бир катар тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

Тактап айтканда, кадр маселеси боюнча Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясы менен биргеликте агроөнөр жай тармагына адистешкен кадрларды даярдоонун “дуалдык окутуу программасын” иштеп чыгуу жана эмгекке жарамдуу калкты бул тармакта иштөөгө тартуу учун ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн механизмдерин иштеп чыгуу тапшырылды.

Салык салуу чөйрөсүндөгү маселелер боюнча Экономика жана коммерция министрлигине Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен биргеликте дыйкан (фермер) чарбалары үчүн салык тутумун, анын ичинде ата мекендик айыл чарба продукциясына сатуудан алынуучу салыкты, каттоо жол-жоболорун оптималдаштыруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу тапшырылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн