Бугу 03, 2024
Убакыт: 20:24
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Министрлик ЖРТ боюнча "туура жоопторду сатабыз" деген шылуундарга алданбоого чакырды

20.05.2022 12:32
310
Министрлик ЖРТ боюнча "туура жоопторду сатабыз" деген шылуундарга алданбоого чакырды

Кыргызстанда кийинки жумада жалпы республикалык тестирлөө (ЖРТ) башталат. Бул тууралуу Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева билдирди.


Анын айтуусуна караганда, тест башталар мезгилде өлкө аймагында шылуундар көп кездешет.


“ЖРТнын жыйынтыктарын жогорулатып беребиз же туура жоопторун "сатабыз" деген алдамчылар көп кездешет. Аларга ишенбегиле. Тесттин жыйынтыктарын бурмалоого, оңдоого мүмкүн эмес. Алдамчы топтор сиздин балаңыздын ордуна жакшы окуган студентти киргизип жогорку упайларды алып беребиз деп да айтышы мүмкүн. Ар жылы биздин борбор мындай адамдарды кармап, Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүп берет. Андай адамдар мыйзамга ылайык жазага тартылат”, - дейт ал.


Батракеева ЖРТнын туура жооптору азыр эч бир жерде жок экенин белгилейт. “Тесттин туура ачкычтары ЖРТ бүткөндөн кийин бардык аймактардан жооп барактары чогултулуп, компьютерге салынат. Маалыматтык дисктер сейфке катылат. Андан кийин гана туура ачкычтар түзүлөт”, - деп маалымдады аталган борбордун директору.


Эскерте кетсек, Кыргызстанда ЖРТ 24, 25-майда жана 27, 28-майда 117 тест борборунда өтөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн