Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 17:07
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Министрлик билим берүү мекемелеринде коопсуздук чараларын көбөйтөт

24.04.2023 12:55
224
Министрлик билим берүү мекемелеринде коопсуздук чараларын көбөйтөт

Билим берүү жана илим министрлиги окуучулардын, билим берүү уюмдарынын педагогикалык жана административдик кызматкерлеринин коопсуздугуна коркунуч көбөйгөндүгүнө байланыштуу Кыргызстандын бардык билим берүү уюмдарында коопсуздук чараларын күчөтүү максатында буйрук чыгарды.


Буйрукка ылайык, менчигинин түрүнө жана ведомстволук баш ийүүсүнө карабастан мектепке чейинки билим берүү, жалпы билим берүү уюмдардын, жогорку, орто жана башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарынын жетекчилери төмөндөгүлөрдү аткарууга тийиш:


— билим берүү уюмдарында окуп жаткандардын жана кызматкерлердин өмүрүн, ден соолугун сактоону камсыз кылуучу шарттарды түзүү боюнча чараларды көрүү;


— билим берүү уюмдардын корголушунун абалын текшерүү, педагогикалык жамааттарда түшүндүрүү иштерин уюштуруу, мыйзамга баш ийген жүрүм-турум жөнүндө класстык сааттарды, лекцияларды, ата-энелердин чогулуштарын өткөрүү;


— өзгөчө кырдаалдар боюнча иш-аракеттердин планын иштеп чыгуу;


— билим берүү уюмдарга жарандарды жана автотранспортту өткөрүү режимине контролду күчөтүү;


— өзгөчө кырдаалдар пайда болгон учурда кабарлоо жана эвакуациялоо системасын жакшыртуу;


— окуучуларды, студенттерди жана педагогикалык кызматкерлерди алгачкы жардамдын базалык көндүмдөрүнө окутууну жүргүзүү;


— видеобайкоо камераларынын иштөө жөндөмдүүлүгүн, өрт өчүрүүнүн баштапкы каражаттарынын болушун жана оңдугун, кошумча эвакуациялык эшиктердин абалын текшерүү.


Ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери ушул буйрукту менчигинин түрүнө жана ведомстволук баш ийүүсүнө карабастан мектепке чейинки, жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерине жеткирсин.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн