Бугу 19, 2024
Убакыт: 22:28
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Министрлик кумшекерди арзан тарифте алып келүүнү сунуштады

14.07.2021 14:10
1356
Министрлик кумшекерди арзан тарифте алып келүүнү сунуштады


Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги министрлер кабинетинин «Кыргыз Республикасынын аймагына убактылуу тарифтик жеңилдиктерди колдонуу менен кумшекерди жана тростник кантын алып келүүнүн көлөмүн бөлүштүрүүнүн эрежесин бекитүү жөнүндө» токтомунун кабыл алынышы жөнүндө билдирет.


Министрлик алып келүүнүн көлөмүн бөлүштүрүү тууралуу табыштамаларды кабыл алуу башталгандыгы тууралуу кулактандыруу жарыялайт.


Табыштамага төмөнкү документтер тиркелет:


– уставдын көчүрмөсү, юридикалык жактын мамлекеттик каттоосунун күбөлүгү же жеке ишкердин (жеке жактын) мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүгү;


– кумшекерди жана тростник кантын алып келүүгө контракттын көчүрмөсү;


– контракт боюнча төлөмдү же контракт боюнча товардын жүктөлгөндүгүн тастыктоочу документтин көчүрмөсү;


– кумшекердин Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик жөнүндө декларациянын көчүрмөсү;


– ушул Эреженин 2-тиркемесине ылайык формадагы алынып келүүчү кумшекерди жана тростник кантын максатка ылайык пайдалануу жөнүндө милдеттенме;


– документтерди ишенимдүү киши аркылуу берген учурда – ишеним каты, анын паспортунун көчүрмөсү.


Кошумча маалымат үчүн министрликтин ЕАЭС иштери жана БДСУ маселелери боюнча бөлүмүнө кайрылсаңыздар болот: +996312623644, +996557557529

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн