Бугу 19, 2024
Убакыт: 01:42
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Министрлик мектеп директорлорунун сынагына байланыштуу социалдык тармактарда тарап жаткан маалыматтарды төгүндөдү

01.08.2022 16:37
830
Министрлик мектеп директорлорунун сынагына байланыштуу социалдык тармактарда тарап жаткан маалыматтарды төгүндөдү

Өлкөдө мектеп директорлоруна жарыяланган сынак ачык-айкын жана таза өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен маалымат таратышты.


"Директорлорду сынак аркылуу дайындоонун тесттик материалдары сатылып жатат", "орундар сатылып, чечилип калган" өңдүү коомчулукту бүдөмүк ойлорго салуучу, далилсиз пикирлерди таратпоого жана сынакка тиешелүү тастыкталбаган маалыматтарга ишенбөөгө чакырабыз!


Сынак коррупциясыз, ачык-айкын жана таза өтөт. Ошондой эле сынакты өткөрбөө максатында айрым кызыкдар тараптардын орунсуз айыптоолору интернет айдыңында учурда тарап жатат.


Социалдык тармактарда жарыяланып жаткан сөздөр, айыптоолор куру, далилсиз, негизсиз жана чындыкка дал келбейт!",- деп айтылат министрликтин маалыматында 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн