Чын курандын 19, 2025
Убакыт: 12:42
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Министрликке жаңы дайындалган Иманалиев жамаатка тааныштырылды

24.02.2023 15:47
373
Министрликке жаңы дайындалган Иманалиев жамаатка тааныштырылды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Каныбек Иманалиевди министрликтин эмгек жамаатына тааныштырды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.


Белгилей кетсек, буга чейин билим берүү жана илим министри кызматын аркалап келген Уланбек Мамбетакунов кызматынан бошотулуп, Каныбек Иманалиев билим берүү министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыктарга президент Садыр Жапаров кол койгон.


Эми Каныбек Иманалиевдин талапкерлиги билим берүү жана илим министринин кызматына дайындоо үчүн Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн