Бугу 06, 2024
Убакыт: 04:59
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Министрликтерде иштегендердин балдары үчүн өнүктүрүү борборлору ачылат

12.04.2024 13:07
185
Министрликтерде иштегендердин балдары үчүн өнүктүрүү борборлору ачылат


Министрликтерде иштегендердин балдары үчүн "Бөбөктай" өнүктүрүү борборлору ачылат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.


Маалыматка ылайык, алгачкысы Билим берүү жана илим министрлигинде 1-мартта ачылган. Борбордо мекемеде иштегендердин балдары 2 сааттан 10 саатка чейин жүрүп, бөбөктөрдү ушул тармакта окуп жаткан студент-практиканттар карай турганы белгилүү болду.


11-апрелде борбор менен таанышкан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров II кварталда бардык министрлик жана ведомстволордо ушундай борборлорду ачууну тапшырганы айтылды.


"Борбор өнүктүрүүчү оюнчуктар, көрсөтмө куралдар, улуттук стилде, экологиялык таза материалдардан жасалган коопсуз килемдер менен жабдылган. Ошондой эле муздаткыч, микротолкундуу меш жана телевизор бар. Буга кошумча, санитардык-эпидемиологиялык жана өрт коопсуздугунун талаптары сакталган", — деп айтылат маалыматта.


Борбор түзүүнүн максаты кенже курактагы балдардын өнүгүүсү үчүн жер-жерлерде ыкчам өнүктүрүү кызматтарын уюштуруу жана анын үлгүсүн көрсөтүү экени кошумчаланды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн