Министрлер кабинети абанын сапатын жакшыртуу боюнча комиссиянын курамын жаңылады. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирет.
Жаңыланган структура жарандардын ден соолугун коргоо жана Бишкек, Ош шаарларында, ошондой эле Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарында абанын булгануу деңгээлин төмөндөтүү боюнча шашылыш чараларды кабыл алууну көздөйт.
Комиссиянын артыкчылыктуу милдеттеринин катарына абанын булганышын мониторингдөө, булгануунун себептерин талдоо, зыяндуу заттардын бөлүнүшүн азайтуу үчүн заманбап технологияларды киргизүү жана калктын экологияны коргоонун маанилүүлүгү боюнча маалымдуулугун жогорулатуу кирет.
Мындан тышкары, зыяндуу заттардын абадагы деңгээлин жөнгө салуучу нормативдик актыларды иштеп чыгууга жана жогорку булгануу деңгээлине ээ аймактарда туруктуу өнүгүүгө жана жашоо сапатын жакшыртууга багытталган долбоорлорду колдоого өзгөчө көңүл бурулат.
Комиссиянын жаңы курамы:
- жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри — мекеме аралык комиссиянын төрагасы.
- Бишкек шаарынын турак жай-коммуналдык чарба маселелери боюнча вице-мэри — мекеме аралык комиссиянын төрагасынын орун басары.
- Бишкек шаарынын отун-энергетикалык комплекс маселелери боюнча вице-мэри — мекеме аралык комиссиянын төрагасынын орун басары.
- Ош шаарынын мэри — мекеме аралык комиссиянын төрагасынын орун басары.
Мекеме аралык комиссиянын мүчөлөрү:
- Ашимова Динара Ашимовна — «Ыйман Нуру» парламенттик фракциясынын лидери;
- Маматалиев Марлен Абдырахманович — «Ынтымак» парламенттик фракциясынын лидери;
- Жунушалиева Гүлсүнкан Ишенгазиевна —Жогорку Кеңештин депутаты;
- Айдарбеков Чыңгыз Азаматович — Жогорку Кеңештин депутаты;
- Абакиров Эльдар Курманбекович — Жогорку Кеңештин депутаты;
- Кубанычбеков Илимбек Кубанычбекович — Жогорку Кеңештин депутаты;
- Самаков Кубанычбек Карганбекович — Жогорку Кеңештин депутаты;
- Бекешев Дастан Далабайевич — Жогорку Кеңештин депутаты;
- финансы министринин, экономика министринин жана өзгөчө кырдаалдар министринин орун басарлары жана башка министрликтер менен ведомстволордун негизги өкүлдөрү.
Жаңы жетекчилик жана комиссиянын курамы жергиликтүү бийлик органдары, илимий мекемелер, экологиялык уюмдар жана жеке сектор менен тыгыз кызматташуу аркылуу өлкөдөгү абанын сапатын жакшыртуу боюнча натыйжалуу чечимдерди издөө үчүн активдүү иштөөгө даяр
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн