Жалган курандын 14, 2025
Убакыт: 23:27
USD
87.30
87.80
EUR
94.50
95.50
RUB
1.000
1.035

Минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев Вьетнамга расмий сапар менен барат

05.03.2025 09:33
363
Минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев Вьетнамга расмий сапар менен барат


Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев үстүбүздөгү жылдын 6-7-мартында Вьетнам Социалисттик Республикасына расмий иш сапары менен барат.  


Визиттин алкагында Вьетнамдын жогорку жетекчилиги менен сүйлөшүүлөр пландаштырылган, анын жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыктын негизги багыттарын, саясий диалогду бекемдөө, соода-экономикалык байланыштарды жана инвестициялык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү маселелерин талкуулашат.  


Кыргызстан менен Вьетнамдын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө багытталган бир катар эки тараптуу келишимдерге кол коюлат.  


Мындан тышкары, Адылбек Касымалиев өлкөнүн бир катар тарыхый-маданий мурас объекттеринин ишмердүүлүгү менен таанышат.  


Экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулат. МинКаб башчысы бизнес-диалогго катышат жана Вьетнамдын бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушат. Иш-чаранын алкагында соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу келечеги талкууланат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн