Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 13:41
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Минскте К.Боронов менен М.Мишустин жолукту. Алар эмнени талкуулашты?

18.07.2020 09:16
946
Минскте К.Боронов менен М.Мишустин жолукту. Алар эмнени талкуулашты?

Премьер-министр Кубатбек Боронов жана Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, өкмөт башчылар түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалды жеңүүдө өлкөлөрдүн өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты. Кубатбек Боронов россиялык тарапка өлкө үчүн оңой эмес мезгилде кыргыз элине көрсөткөн туруктуу жардамы жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Тараптар кыргызстандык жакка берилүүчү кезектеги гуманитардык жардам тууралуу сүйлөшүштү.

Белгилей кетсек, бул жолугушуу Минск шаарында (Беларусь Республикасы) өтүп жаткан Евразия экономикалык бирлигинин Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында болуп өттү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн