Бугу 10, 2024
Убакыт: 05:48
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Мирбек Кожоев мыйзамсыз карагай кескендерге катуу күрөш баштады

20.09.2021 15:49
1035
Мирбек Кожоев мыйзамсыз карагай кескендерге катуу күрөш баштады

 


Бүгүн, 20-сентябрь күнү КР Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Кожоев Жети-Өгүз районунун Сару айылынын, Жуку токойчулугуна текшерүүгө барды. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады.


Текшерүүнүн жүрүшүндө облус башчысы мыйзамсыз карагай кыйуулар катуу көзөмөлгө алынарын белгиледи. 


Облус башчысы жетектеген текшерүү маалында 20-25 куб га жакын карагай мыйзамсыз кыйылганы аныкталып, болжол менен 200-300 миң сомдук зыян келтирилгендиги белгилүү болду. 


  Мындан улам облус башчысы ар бир токойчулукту текшерүүгө аларын айтты. Анда атайы техниканын жардамы (дрон) менен токойдогу ар бир карагай көзөмөлгө алынат.  


Ал эми аныкталган мыйзамсыз карагайлар боюнча М. Кожоев укук коргоочуларга тапшырма берди. Ага тиешеси бар адамдар мыйзам алдында жоопко тартылды.


Ошондой эле токойчулардын каттоо китептери алынды. Алардагы ар бир карагай боюнча жазуу текшерилет. 


"Ата-бабаларыбыз мурас катары калтырган жаратылышты сактоо ар бирибиздин милдетибиз. Өзүбүз жырткычтай болуп, өзүбүздүн токойлорубузга, жаратылышыбызга зыян келтирип жатканыбыз жан кейитет. Ар бир карагай үчүн жооп берчү күн келди"- дейт облус башчысы.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн