Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы Мирлан Бакиров бүгүн, 15-апрелде "Элдик" депутаттык тобунун отурумунда 2010-жылы июнь окуясын уюштуруучулардын бири Кадыржан Батыровдун мүлкү тууралуу маалымат берди.
Анын айтымында, жалпы 28 мүлк конфискацияланган.
"Бүгүнкү күндө Кадыржан Батыровдон конфискацияланган 7 имарата Жалал-Абад шаарынын мэриясына берилген. Мындан сырткары, Батыровдун университети азыркы учурда мектеп катары иштеп жатат.
Жер тилкелери да мамлекеттин карамагына алынган",- деди Бакиров.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн