Мырза-Аке - Кара-Кулжа - Алайку жолунда таш кулады. Бул тууралуу АКИпресс жазды.
Окуя түнкү саат экилерде 45-чакырымдан 50-чакырымга чейинки аралыкта катуу жааган жамгырдан улам болгон.
Транспорт министрлигинин маалыматы боюнча, таштардын эң чоң көлөмү 50-чакырымга түшүп, жолду 120 куб метр таш тосуп калган.
Бул бөлүмдө унаалардын жүрүүсү убактылуу чектелип, тазалоо иштери жүрүп жатат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн