Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 03:45
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Мирзиёев Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады

06.12.2021 12:00
473
Мирзиёев Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады



Бүгүн, 6-декабрда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиеев менен телефондон сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин Администрациясынын маалымат саясат бөлүмү кабарлады.


Учурдан пайдаланып, Өзбекстандын Президенти телефон аркылуу Президент Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады.


Телефондук сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки өлкөнүн башчылары эки тараптуу күн тартибин жана кызматташтыкты өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты.


Шавкат Мирзиеев, Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктап, бекем ден соолук, бакубатчылык жана албан ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстандын элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүүнү каалады. Ал Садыр Жапаровдун эки өлкөнүн ортосундагы достук жана стратегиялык мамилелерди чыңдоодогу олуттуу салымын белгиледи.


Президент Садыр Жапаров өзбек кесиптешине жылуу каалоо-тилектери үчүн ыраазычылык билдирип, кыргыз-өзбек күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча биргелешкен достук жана конструктивдүү ишти улантууга даярдыгын тастыктады.


Мамлекет башчысы ошондой эле эки мамлекет ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоонун, Кыргызстан менен Өзбекстандын калкынын жыргалчылыгы үчүн эки тарапка пайдалуу долбоорлорду илгерилетүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн