Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 02:15
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

“Мыйзам Нуру Коррупцияга каршы коомдук жардам” коомдук бирикмесинин мүчөсү пара талап кылган жеринен кармалды

“Мыйзам Нуру Коррупцияга каршы коомдук жардам” коомдук бирикмесинин мүчөсү пара талап кылган жеринен кармалды

 “Мыйзам Нуру Коррупцияга каршы коомдук жардам” коомдук бирикмесинин мүчөсү пара талап кылуу учурунда кармалды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирет.


 Маалым болгондой,     УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап талап кылуу) туралуу козголгон кылмыш иши боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, акча  каражатын алып жаткан жеринен “Мыйзам Нуру Коррупцияга каршы коомдук жардам” коомдук бирикмесинин инспектору Т.Г.Б. кармалды. 

 

   Такталгандай, жогоруда аталган Т.Г.Б. Жалал-Абад облусундагы бала бакчалардын биринин директорун, колунда бар делген компроматты укук коргоо органдарына өткөрүп берем деген коркутуу менен акча каражатын талап кылгандыгы аныкталды.

 

    Кармалган адам КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 

      Тергөө иштери жүрүп жатат.


     

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн