Бугу 14, 2024
Убакыт: 18:44
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Мыйзамга баш ийиш керек. Садыр Жапаров Атамбаевдин сотко алып келиниши тууралуу

25.03.2022 18:52
452
Мыйзамга баш ийиш керек. Садыр Жапаров Атамбаевдин сотко алып келиниши тууралуу

Президент Садыр Жапаров камакта жаткан Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев жөнүндө пикирин фейсбуктагы баракчасына жазды.


Ал Атамбаев тууралуу «ызы-чууну» бүгүн көргөнүн айтты.


«Бийлик буйрутма берип, ушундай кылып өч алып жатат» деген сөздөр болуптур. Мага кыянатчылык кылгандардын баарын кечиргем. Анын арасында Атамбаев дагы бар. Ал сөзүмдү жалпы эл алдында жарыялагам. Сөзүмдү кайра артка албайм. Өч алуу табиятыма дал келбейт. Айтайын дегеним башка. Мыйзам алдында баарыбыз бирдейбиз. Сот жоопкерчилигине тартылып жатасыңбы? Сотко бар. Ак экениңди далилде. Мен да камалгам, мен да сотко баргам. Эч качан каршылык көрсөтүп, соттон качкан эмесмин. Мыйзамга, тартипке баш ийгем. Баарыбыз мыйзамга баш иели. Ошондо өлкөдө тартип болот», — деди Жапаров.


Ал Атамбаевдин ишин карап жаткан сот, прокурорлорго буйрук бере албай тургандыгына ишендирип, эгер мүмкүн болсо сот процесстерин жабык эмес, ачык өткөрүүнү суранарын айтты.


«Каалаган журналисттер, блогерлер кирип түз эфир дагы жасаса жакшы болмок. Эл дагы соттун жүрүшүнө назар салып турмак. Кой-Таш окуясы эч кимге деле жашыруун эмес го?», — деди Жапаров.


23-мартта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди сотко мажбурлап алып келингени тууралуу анын адвокаты маалымат таратып, видео да жарыяланган. Бул маселе боюнча бүгүн Акыйкатчы институту билдирүү таратып, №47 түзөтүү колониясына барып окуяны иликтөөгө алды.


Анда Атамбаев 23-мартта сотко бара албай турганы жөнүндө арызын саат 11 чендерде бергенине карабастан, ага он чакты киши келип, сотко мажбурлап жеткирилгенин айтып берген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн