Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 03:36
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Мыйзамсыз баюуга шектелген судья УКМКга жооп берди

11.01.2021 18:53
629
Мыйзамсыз баюуга шектелген судья УКМКга жооп берди


Судья Дильфуза Боронбаева Ысык-Көлдө кыймылсыз мүлкү бар деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.


Анын айтымында, мамлекеттик бийликтин пресс-релизинде жазылган божомолдорго негизделген маалымат саясаты күнөөсүздүк презумпциясын бузат. Мындай аракет сот адилеттигинин негизги принциптеринин бирин гана бузбастан, тергөөнүн купуялуулугун бузгандыгын да көрсөтөт деп эсептейт.


"Өргүү учурунда мамлекеттик кызматкерлер чет өлкөлөргө саякатка чыкса болот. Анткени турлар арзан баада сатылат. Саякат мыйзамсыз жолдор менен жүргүзүлөт деген пикирди коомчулукка таңуулоо  туура эмес.

Судьяга таандык объектилердин басымдуу көпчүлүгү, анын сөзү боюнча, ага жана анын үй-бүлөсүнө эч кандай тиешеси жок. Декларацияда ээлик кылган жана ижарага алынган бардык мүлктөр көрсөтүлгөн. Соттун дагы, анын жакындарынын дагы Ысык-Көлдө кыймылсыз мүлкү жок", - деп билдирди Жогорку Сот.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн