Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 01:35
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Мобилдик бригадалар жана 118 ыкчам номери күнү-түнү иштөө тартибине өттү

22.06.2020 10:53
982
Мобилдик бригадалар жана 118 ыкчам номери күнү-түнү иштөө тартибине өттү


Мобилдик бригадалар күнү-түнү иштөө тартибине өттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын Саламаттыкты сактоо шаардык башкармалыгынын башчысы Бактыгүл Исмаилова 22-июндагы онлайн брифингде билдирди. 


Анын айтымында, июнь айында коронавирус боюнча жарандардын кайрылуусу кескин өстү. 


"Ушуга байланыштуу, 21-июнда республикалык штабдын жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин чечими менен мобилдик бригадалар күнү-түнү иштөө тартибине өттү. Бүгүнкү күндө 118 ыкчам номери боюнча 14 линия 24 саат бою иштеп кеңеш берүүдө. Мындан сырткары, үй-бүлөлүк медицина борборлорунда ишеним телефондору иштөөдө. Жарандар жашаган жери боюнча ҮМБ кайрылып, кеңеш ала алышат", - деди Б.Исмаилова. 


Анын айтымында, колл-борборго кайрылгандардын 50 пайызы медициналык мүнөздө эмес, кеңеш алуу максатында кайрылгандар, бир телефон чалууга кеңеш берүү 15-20 мүнөткө чейин созулат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн