Бугу 17, 2024
Убакыт: 17:03
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Момбеков: "Коопсуз шаар" долбоору - коррупция долбоору

22.12.2020 11:50
676
Момбеков: "Коопсуз шаар" долбоору - коррупция долбоору

Бүгүн Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинде "Коопсуз шаар" долбоорунун иштери тууралуу талкуу болууда. 


Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү долбоордун натыйжасында жол кырсыктары азайып, алдын алуу иштери жүрүп жаткандыгын билдиришти.


Депутат Рыскелди Момбеков “Коопсуз шаар” долбооруна жооптуу адамдар туура эмес статистика жарыялаганын айтты. Мисалы, баяндамачылар каза болгондордун саны азайгандыгын жарыялашты, бирок ошол эле учурда Ички иштер министрлигинин 9 ай ичиндеги маалыматтарында 2020-жылы 496 адам, ал эми өткөн жылы 420 адам каза болгондугу көрсөтүлгөн.


“Сиздин Коопсуз шаарыңыз Токмок шаарында иштебейт. Кечээ күнү бүтүндөй бир үй-бүлө каза болду. Сиз жол кырсыктарынын саны 18 пайызга азайды деп жатасыз. Абийириңиз барбы? Эмне үчүн калп айтып жатасыңар? " - деди Рыскелди Момбеков.


Ал мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин "Вега" концерни бюджетке 2 миллиард сом которот деп айтканын, бирок иш жүзүндө компания бир нече эсе аз каражат которгонун эске салды.


“Коопсуз шаар” бул коррупциялык долбоор, сиз болсо ага өнөктөшсүз. Анын максаты бюджет эмес, чиновниктердин чөнтөгү. Жол кырсыктарынын саны да, каза болгондордун саны да азайган жок. Долбоор иштеп жатат деп айтууга болбойт. Эмне үчүн жабыркагандардын жана ооруканада каза болгондордун санын көрсөтпөйсүз? Бул жаап жашыруу. Жол-транспорт кырсыктарынын статистикасы боюнча укук коргоо органдары текшерип, экспертиза жүргүзүшү керек", - деди депутат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн