Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 05:12
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Монгол парламентине этникалык кыргыз депутат болуп шайланды

25.06.2020 13:07
1513
Монгол парламентине этникалык кыргыз депутат болуп шайланды


Кечээ, 24-июнда Монголияда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгында өлкөнүн бийликтеги Монгол элдик партиясы абсолюттук жеңишти камсыздады. Айрым шайлоо округдарында оппозициялык Демократиялык партиянын талапкерлери бир нече орундарга ээ болушту.


Алсак, Баян-Өлгий аймагы округу боюнча үч мандаттын бирин Демократиялык партиянын өкүлү, Монголиянын эмгек сиңирген врачы, этникалык кыргыз Буланы Бейсен, экөөсүн Монгол элдик партиясынын өкүлдөрү Хавдисламын Баделхан менен Телуханы Аубакир алышты.


Кесиби боюнча хирург Б.Бейсен Баян-Өлгий аймагынын административдик борбору Өлгий шаардык ооруканасынын башкы врачы болуп иштейт.


Б.Бейсен беш жыл мурда wordpress.comго берген интервьюсунда айткан маалыматка караганда, Монголияда 3000ге чукул этникалык кыргыздар бар. Казактардын саны 100 миңден ашат. Кыргыз тили эбак унутулгандыктан, этникалык кыргыздар казакча сүйлөшөт. Кыргыздар аталган аймактын Улаанхус, Сагсай, Бугат жана Ногооннур сомондорунда көбүрөөк жашашат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн