Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 19:49
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.972

Монголияда 200 аргымагы бар журналист шайлоого аттанды

03.06.2020 15:17
1106
Монголияда 200 аргымагы бар журналист шайлоого аттанды


Борбордук шайлоо комиссиясы кечээ, 2-июнда Улуу мамлекеттик хуралдын 76 мандаты үчүн ат салышуучу талапкерлерге күбөлүктөрдү тапшырып, шайлоо өнөктүгүнүн аламан жарышына уруксат берди жана ага 606 талакер катышат. Алардын 485и 13 саясий партиялардын жана 3 коалициянын өкүлдөрү, 121и өзүн-өзү көрсөткөндөр. Алардын бири журналист П.Анужин. 


Монголиянын Антикоррупциялык агенттиги коомчулук үчүн ачык электрондук системада быйылкы парламенттик шайлоого катышуучу талапкерлердин киреше байлыктары жөнүндө жарыялаган маалыматтарга таянсак, Монгол элдик партиясынан көрсөтүлүп жаткан П.Анужиндин жеке кирешеси 390 миллион тугрикти, же 138 миң долларды түзөт. Башка кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрүн, банктагы эсептерин жана зер буюмдарын айтпаганда да, 200 күлүк аргымагы, 80 уйу, 300 кою жана 100 эчкиси, мындан сырткары 7100 доллар аласасы бар. Шайлоо 24-июнда өтмөкчү. 2019-жылы кабыл алынган мыйзамга ылайык коррупция боюнча айыпталгандар шайлоого катыша алышпайт.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн