Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 06:27
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Монголияда Кыргызстандын элчилигин ачуу каралды

24.09.2021 15:52
962
Монголияда Кыргызстандын элчилигин ачуу каралды

2021-жылдын 22-сентябрында КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын Жалпы дебаттарынын алкагында Монголиянын президенти Ухнаагийн Хүрелсух жана Монголиянын тышкы иштер министри Батмунхиин Батцэцэг менен жолугушту. Бул тууралуу тышкы саясий ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.


КР тышкы иштер министри Монголиянын президентин жакында дос мамиледеги мамлекеттин башчысы болуп шайланышы менен куттуктап, Кыргызстандын президенти С.Жапаровдун эң жакшы каалоолорун жеткирди.


Тараптар эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешти.


Кыргыз тарап Монголиянын Кыргызстандагы Башкы консулдугунун макамын Монголиянын Кыргызстандагы элчилиги макамына көтөргөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан жакынкы келечекте Улан-Батордо дипломатиялык өкүлчүлүгүн ачуу маселесин кароого даяр экендигин билдирди. Р.Казакбаев Монголиянын тышкы иштер министрин Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн