Бүгүн, 4-августта, эртең менен Москва- Ош багытындагы учак техникалык мүчүлүштүктөн улам Бишкекке конду.
Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун маалымат кызматы билдирди.
Техникалык кандай мүчүлүштүк болгону азырынча айтыла элек. Жүргүнчүлөр Бишкекте мейманканага жайгаштырылган.
Учак Россиянын «Урал авиа жолдору» компаниясына таандык.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн