Бүгүн, 27-сентябрда Жарандык авиация агенттигинин директору Александр Настаев Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында Москва-Бишкек багыты боюнча авиабилеттин баасынын кымбатташына байланыштуу түшүндүрмө берди.
Анын айтымында, билеттин баасы орус авиакомпаниялары тарабынан кымбатталган.
"Бүгүнкү күндө биз "Росавиация" менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бааны турукташтыруу маселесин көтөрдүк.
Белгилүү болгондой, баалар орус компаниялары тарабынан көтөрүлгөн. Ошондой эле 5-октябрдан кийин баалардын арзандашы байкалууда",- деди Настаев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн