Москва райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
УКМК тарабынан коррупциялык багыттагы кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Москва райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы К.С. Т. кармалды.
Ал Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү мамлекеттик фондунун жерлерин берүү боюнча мекемелер аралык комиссиянын төрагасы болуу менен комиссиянын айрым мүчөлөрү жана үрөнчүлүк, асыл тукум чарбаларынын өкүлдөрү менен биргеликте акча каражаттарын жана башка материалдык жыргалчылыктарды мыйзамсыз алуу боюнча туруктуу коррупциялык схеманы жөнгө салгандыгы аныкталган. Акча каражаттарын алгандан кийин К.С.Т. айрым чарбалардын таламдарын алардын документтери мыйзамдар талаптарына ылайык келбегенине карабастан ыңгайлаштырып алган.
Шектүү КР Жазык-процесстик кодексинин 96 жана 97-беренелерине ылайык, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн