Бугу 17, 2024
Убакыт: 05:05
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Москва районунда өзүнүн таанышын өлтүрүүгө шектелип аял кармалды

23.03.2021 10:17
397
Москва районунда өзүнүн таанышын өлтүрүүгө шектелип аял кармалды


Москва районунда өткөн жылы киши колдуу болуп өлтүрүлгөн адамдын өлүмүнө шектелип аял кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.


2021-жылдын 21-март күнү саат 16:30дар чамасында Москва районунун ички иштер бөлүмүнө Беловодское айылында жайгашкан үйлөрдүн биринен эркек кишинин сөөгү табылгандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн.


Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу чыгышып, айтылган үйдөн 1969-жылы туулган Т.М. аттуу жарандын киши колдуу болуп өлгөн жансыз денеси табылган (бычактан жаракат алган).  


Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча КЖБР катталган.


Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери жана Москва районунун ИИБнүн Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, бул кылмышка шектүү катары 1980-жылы туулган А.Ж. аттуу аял киши кармалган.


Тергөөнүн алдын ала версиясы боюнча кылмышка шектүү деп кармалган адам, өлтүрүлгөн адам экөөнүн ортосундагы мас абалда чыр-чатактан келип чыкканы маалым болгон.


Учурда шектүү Москва районунун ИИБнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн