Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 05:24
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Бирөө каза болгон. Москвада 4 кыргыз жараны эки мекендешин бычактап кеткен

24.03.2023 09:52
774
Бирөө каза болгон. Москвада 4 кыргыз жараны эки мекендешин бычактап кеткен

Москвада Кыргызстандын жарандары бычакталып, бири каза болгон. Шектүү катары төрт кыргызстандык кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.



Белгилүү болгондой, 2023-жылдын 22-мартында таңкы саат 04:10 кийин Россиянын Ички иштер министрлигинин Москва облусунун Красногорск району боюнча башкармалыгынын Павшино кичирайонунун полиция бөлүмүнүн нөөмөт бөлүгүнө Подмосковный бульварындагы үйлөрдүн биринин жанында эс-учун жоготкон адамдар жерде жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. 

Окуя болгон жерге полициянын кезмети жөнөтүлүп, Кыргызстандын эки жаранын бычакталган абалда табышкан. Алардын бири Чүй облусунун Сокулук районунун тургуну 2005-жылы туулган К.уулу А. келген тез жардам бригадасынын дарыгерлери анын окуя болгон жерден эле каза болгондугун аныкташкан. Ал эми, экинчи жабырлануучу Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну 2004-жылы туулган Х.Р. аймактык ооруканага жаткырылган.


Окуя болгон жерден көзөмөл камерасынын жазуусу каралып, айрым буюмдар табылып алынган. 


Бул факты боюнча Россия Федерациясынын Тергөө комитетинин Москва облусу боюнча Красногорск шаары боюнча тергөө бөлүмү тарабынан Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренеси (Киши өлтүрүү) менен 30-105-беренесинин (эки же андан көп адамды өлтүрүүгө аракет кылуу) негизинде кылмыш иши козголгон.


Козголгон кылмыш ишинин алкагында Россиянын ИИМдин Москва облусу боюнча Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 1-ыкчам иликтөө бөлүгүнүн Павшино кичирайонунун полиция бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү менен бирдикте комплекстүү ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүшкөн. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында кылмышка тиешеси бар адамдар аныкталып, полицияга жеткирилген. Кармалган төрт адам тең 2003 жана 2002-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жарандары болушат.


Ошондой эле алардан пневматикалык тапанча жана бычак табылып алынган. Алдын ала маалыматтар боюнча, кылмыш чырдын негизинде жасалган. Жакында сот шектүүлөрдүн баш коргоо чарасын тандайт.





Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн