Президент Садыр Жапаров кечээ, 2-июлда Москвага болгон иш сапарынын алкагында Россиянын президенти Владимир Путин менен тар жана кеңейтилген курамдарда сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Мамлекет башчылары эки тараптуу күн тартиптин актуалдуу маселелерин, анын ичинде соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана миграциялык тармактардагы маселелерди талкуулашты жана кыргыз-россия стратегиялык өнөктөштүгүнүн жана союздаштыгынын жетишилген жогорку деңгээлине канааттануу билдиришти.
Россиянын президенти Владимир Путин экономикалык кызматташтыктагы оң динамиканы белгилеп, эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүнүн туруктуу өсүшүн, анын ичинде үстүбүздөгү жылдын алгачкы айларындагы бир кыйла көбөйүшүн баса белгиледи.
Ал ошондой эле Кыргызстандагы россиялык ишканалардын активдүү ишмердүүлүгүн белгилеп, Россиянын өлкөнүн алдыңкы соода-экономикалык өнөктөштөрүнүн бири катары статусун баса көрсөттү.
Россиянын президенти Кыргызстандын экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзгөн бир катар маанилүү долбоорлорду ишке ашырууга аракеттешкен Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ишинин натыйжалуулугун жогору баалады.
Ал ошондой эле гуманитардык кызматташуунун, өзгөчө билим берүү тармагындагы маанилүүлүгүн баса белгиледи. Учурда Кыргызстандын 43 мектебинде 200 россиялык мугалим эмгектенүүдө. Орус тилинде окуткан мектептердин санын көбөйтүү пландары ишке ашырылып жатат.
Владимир Путин кыргыз тарапка орус тилине өзгөчө макам бергени үчүн ыраазычылык билдирип, бул гуманитардык гана эмес, экономикалык тармактарда да кызматташтыкты тереңдетүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.
Соңунда ал Кыргызстандын лидерине конструктивдүү диалогу жана эки жактуу байланыштарды мындан ары да чыңдоого кызыкдарлыгы үчүн ыраазычылык билдирди.
Өз кезегинде президент Садыр Жапаров бул жолугушуу стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык маселелерин эки мамлекеттин кызыкчылыгында талкуулоого мүмкүндүк бергенине ишенимин билдирди.
Мамлекет башчысы өлкөлөр ортосунда толук өз ара түшүнүшүү жана ишеним бар экенин ырастады. Саясий келишпестиктер жана карама-каршылыктар жок.
Ошондой эле ал энергетика, транспорт, өнөр жай жана айыл чарба тармактарында кызматташтыкты кеңейтүү үчүн зор потенциал бар экенине көңүл бурду.
Буга байланыштуу президент Кыргыз-Россия соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын ийгиликтүү ишин баса көрсөттү.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында эки өлкөнүн лидерлери бардык негизги багыттар боюнча көп пландуу өз ара аракеттенүүнү мындан ары да чыңдоо ниеттерин ырасташты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн