Бугу 21, 2024
Убакыт: 23:08
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

Москвада Тоолуу Карабак боюнча үч тараптуу сүйлөшүү жүрүүдө

11.01.2021 17:23
532
Москвада Тоолуу Карабак боюнча үч тараптуу сүйлөшүү жүрүүдө

Москвада Россия президенти Владимир Путин, Азербайжан президенти Ильхам Алиев жана Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Тоолуу Карабак маселеси боюнча жыйын өткөрүүдө. Бул тууралуу ТАСС басылмасы билдирди.


Бул жолугушуунун демилгечиси Россиянын  башчысы Путин.

Кремлдин басма сөз кызматы буга чейин маалымдагандай, тараптар 2020-жылдын 9-ноябрында үч мамлекеттин лидерлеринин Тоолуу Карабак боюнча билдирүүсүнүн аткарылышын карап чыгып, аймактын көйгөйлөрүн чечүү боюнча мындан аркы кадамдарды талкуулоону пландаштырууда. Саясатчылар согуш аракеттеринен жапа чеккен аймактардын жашоочуларына жардам көрсөтүү, ошондой эле соода-экономикалык жана транспорттук байланыштарды бөгөттөн чыгаруу жана өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурат деп күтүлүүдө.


Бул Путиндин 2021-жылдагы биринчи эл аралык иш-чарасы.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн