Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 17:54
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Москвада ЖККУнун 20 жылдык саммити болуп өттү (фоторепортаж)

16.05.2022 21:55
1053
Москвада ЖККУнун 20 жылдык саммити болуп өттү (фоторепортаж)

Бүгүн, 16-майда, Москва шаарында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун 30 жылдыгына жана ЖККУнун 20 жылдыгына карата Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө-мамлекеттердин лидерлеринин мааракелик жыйыны өттү. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат саясат бөлүмү билдирет.


Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев жана Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон Кремлде тегерек столдо жолугушту.


Катышуучулар ЖККУнун алкагында өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери, эл аралык жана аймактык маселелер боюнча позицияларды биргелешип координациялоо жана жамааттык коопсуздук системасын өркүндөтүү боюнча пикир алышты.


Жолугушуунун жүрүшүндө лидерлер Жамааттык коопсуздук келишиминин 30 жылдыгына жана Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун 20 жылдыгына байланыштуу ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин билдирүүсүнө кол коюшту, ошондой эле Казакстан Республикасынын аймагында 2022-жылдын январында

ЖККУнун тынчтык орнотуу операциясынын катышуучуларын сыйлоо жөнүндө чечимин кабыл алышты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн