Бугу 10, 2024
Убакыт: 06:33
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Москвада аэропортто кармалып турган жарандар боюнча элчилик түшүндүрмө берди

07.10.2021 14:36
690
Москвада аэропортто кармалып турган жарандар боюнча элчилик түшүндүрмө берди

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Москвадагы "Шереметьево" аэропортунда кармалып турган жарандар боюнча маалымат берди. Бул тууралуу элчиликтен кабарлады.


Маалымат чыгары менен элчиликтин үч өкүлү аталган аэропортко келип, мекендештердин абалы менен таанышкан.

Алар эмне үчүн Россиянын аймагына киргизилбей жатканы тууралуу Россиянын Федералдык коопсуздук кызматынын Чек ара кызматына кайрылышкан.


Россиянын Чек ара кызматы мындай текшерүү өлкөнүн аймагына ар кандай террористтик уюмдардын өкүлдөрүн киргизбөө максатында жүргүзүлүп жаткандыгын айтып, текшерүүдөн кийин кыргыз жарандары Россиянын аймагына киргизилерин убадалады.


Кыргыз элчилиги кармалып турган жарандарга тамак-аш маселесин чечүүнү тапшырды.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн