Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 11:55
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Москвада акысыз ПЧР-тест тапшыруу жайлары жабылды

Москвада акысыз ПЧР-тест тапшыруу жайлары жабылды

Москвада эпидемиологиялык абалдын жакшырышына байланыштуу бейтапканалардагы коронавируска бекер ПЧР-тестирлөө пункттары жабылды. Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.



Төмөндө Москванын Саламаттыкты сактоо департаментинин маалыматы:


«ПЧР-тесттин анчалык кеңири муктаждыктын жоктугунан жана москвалыктар арасында мындай кызматка суроо-талаптын төмөндөшүнөн улам бул пункттарды жабуу чечими кабыл алынды. Бул бейтапканаларга пландык жардамдын көлөмүн көбөйтүүгө, ал эми ПЧРге тартылган кызматкерлерге кайрадан бейтаптарды кабыл алууга кайтууга мүмкүндүк берди»


Коронавирустун белгилери бар адамдар үчүн бейтапканаларда ПЧР-тесттен өтүү акысыз бойдон калат. Инфекциянын белгилери жок адамдар да клиникада COVID-19га текшериле алышат, бирок алар бул кызмат үчүн акы төлөшөт, деп кошумчалашты.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн