Москвада эмгектенген жеке кайрымдуу инсандар 2 дем алдыруучу аппарат жана дары-дармектерди беришти. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 21-июлда Москва шаарында эмгектенген жеке кайрымдуу инсандар 2 дем алдыруучу аппарат жана зарыл болгон дары-дармекти Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгына өткөрүп беришти.
“Бул каражаттар обсервацияда дарыланып жаткан бейтаптарга таратылмакчы. Муфтият кайрымдуулук колун сунган мекендештерге ыраазычылыгын билдирип, ушундай оор кырдаалда дары-дармекке муктаж болуп жаткан момун мусулмандарга табылгыс жардам экенин белгилешти”, - деп айтылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн