Теке 27, 2024
Убакыт: 06:47
USD
EUR
RUB

Муфтият: Быйыл айт намаз аянтта эмес, мечиттерде окулат

11.06.2024 16:14
163
Муфтият: Быйыл айт намаз аянтта эмес, мечиттерде окулат


Быйыл айт намаз мечиттерде окулат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.


"16-июнга белгиленген Курман айт майрамына байланыштуу айт намаздар жер-жерлердеги мечиттерде окулат", — деп жазылган маалыматта.


Айт намаздын программасы:

06:15-07:25 — баяндар;

7:25-7:30 — айт намаз окуу эрежесин түшүндүрүү, саффан сааф айтуу;

07:30 — айт намазы.


Эске салсак, быйыл Курман айт 16-июнга белгиленген. 15-июнь арапа күнү болот. Буга байланыштуу кыргызстандыктар келерки жума аягында үч күн катары менен (15-16-17-июнь) эс алышат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн