Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 01:19
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Муфтият Түркияга жардам катары дагы 3 млн сом которду

14.03.2023 13:50
160
Муфтият Түркияга жардам катары дагы 3 млн сом которду



Бүгүн, 14-март күнү, Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы боордош Түркия мамлекетинде катталган зилзаланын кесепеттерин жоюуга 3 млн 39 миң сом 989 акчалай жардамды бирдиктүү эсепке которду. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.


Маалым болгондой,  Талас облустук казыяты 1 млн 376 миң 050 сом топтосо, Нарын казыяты экинчи жолу 238 миң сом тапшырды. Андан сырткары ишкерлер, кайрымдуу инсандар, боордошчул жарандар да жардам колун сунушкан.


Муфтияттын буга чейин элден топтолгон 16 млн 417 миң 294,25 сом акчалай жардам которгонун эске алсак, Кыргызстан мусулмандары топтогон жардамдын жалпы суммасы 19 млн 439 миң 989 сомду түздү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн