Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы 2019-жылдан ушул кезге чейин акчасын төлөп ажылык сапар үчүн кезекте турган жарандарга кайрылды. Анда алар ажылык сапар үчүн берген акчасын кайтарып алышы керектигин, ошол эле маалда кезеги сакталып тура берерин билдирди.
Быйыл Сауд Арабиясы Кыргызстанга ажылыкка барууга 2766 квота бөлгөн жана сапардын жалпы баасы 5500 доллар болгон. Коронавирус пандемиясына байланыштуу 2020 жана 2021-жылдары зыярат убактылуу токтоп турган.
Булак: "Азаттык"
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн