Аяк оона 08, 2024
Убакыт: 05:18
USD
84.10
84.60
EUR
92.80
93.80
RUB
0.920
0.960

Муфтият молдолордун бирдиктүү формасынын дизайнына сынак жарыялады

26.07.2024 10:25
207
Муфтият молдолордун бирдиктүү формасынын дизайнына сынак жарыялады

Дин кызматкерлеринин жайкы, күзгү жана кышкы формасынын дизайнын даярдоо боюнча конкурс старт алды. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Талаптары:
- дизайнды электрондук үлгүдө иштеп чыгуу;
- ар бир мезгилге форманын кездемелеринин аталыштары жана түстөрү;
- дин кызматкери, имамдар жана диний ишмердүүлүк жүргүзгөн жарандардын сый (параддык) кийими, ибадаттык кийиминин үлгүлөрүн иштеп чыгып, комиссияга сунуштоо;
- кыргыз колоритине жана өзгөчөлүктөрүнө (м: орнаменти) төп келген же жакындатылган форматта иштелип чыгышы керек;
- форма буга чейин журт башчы тарабынан демилгеленип, тиктирилип берилген формага үндөш болсо артыкчылык каралат;
- үлгүлөр 2-августка чейин кабыл алынып, тандоо 5-август күнү саат 10:00дө муфтияттын залында өтөт.

Үлгүлөрдү жана маалыматтарды [email protected] электрондук дарегине жолдоо керек. Кененирээк маалымат үчүн +996 778 900 601 (WhatsApp) телефонуна кайрылууга болот.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн