Чын курандын 17, 2025
Убакыт: 12:42:08
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Муфтият никаб, паранжа тууралуу билдирүү жасады

08.04.2025 11:13
274
Муфтият никаб, паранжа тууралуу билдирүү жасады


Никаб (паранжа) — аялдын жүзүн жапкан парда жана ал динде милдеттүү эмес. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын кайрылуусунда айтылган.


Анда хижаб мусулмандар үчүн милдеттүү экени, ал эми никабдын (паранжа) парз болуп саналбасы белгиленген. Ал тургай жүзүн жапкан кийим айрым учурларда туура эмес болуп эсептелери белгиленген. Муфтият паранжа оош-кыйыш учурларда (мисалы, согуш) гана керектүү болорун эскерткен.


"Кудайга шүгүр, мамлекетибиз кубаттуу, жарандардын коопсуздугу көзөмөлдө. Азыркы заманда жүзүн ачып жүргөндөргө каршы коркунуч жок. Коомдун салтына жана үрп-адатына бөтөн болгон нерсеге фатва берилбейт. Никаб биздин коомго бөтөн көрүнүш. Бүгүнкү реалдуулукта никаб кийген эже-карындаштарыбыздын атын жамынып, аялча кийинген бүлгүнчүлөрдүн коомдук коопсуздукка шек келтирүү ыктымалдыгы жок эмес. Ошондуктан тааныла тургандай жүз ачып жүрүү маанилүү", — деди Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы.


Ошондой эле диний маселе жөнүндө сөз болгондо шарияттык анык далилдерге таянуу зарылдыгы эскертилди.


Эске салсак, 21-январда динге байланыштуу мыйзамдар кабыл алынган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн