Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 09:18
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Муфтият 1500 үй-бүлөгө ун таратты (фото)

08.04.2020 12:34
1131
Муфтият 1500 үй-бүлөгө ун таратты (фото)


Муфтият тарабынан Кыргызстандын аймактарындагы жардамга муктаж 1500 үй-бүлөгө ун жеткирилди. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка таясак, бүгүнкү күнгө карата 1500 кап ун өлкөнүн бардык аймагына бөлүштүрүлүп, анын ичинде жардамга муктаж көп балалуу үй-бүлөлөргө, кары-картаңдарга, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жана турмуш шарты начар үй-бүлөлөргө атайын тизменин негизинде таратылган.


Ошондой эле, буга чейин КМДБ менен кайрымдуу инсандар биргеликте 1500 кап унду жардамга муктаж үй-бүлөлөргө, медресе жана дин кызматкерлерине берилгени айтылды.


Мындан сырткары, өлкөнүн бардык аймагындагы казыяттарда, хатибияттарда, айылдын имамдары демөөрчүлөр менен биргеликте жергиликтүү элге тамак-аш, блокпосто турган милиция жана медицина кызматкерлерине ысык тамактарды уюштуруп жатканы кабарланат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн