Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын эсепчиси убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу 24.kg агенттиги жазып чыкты.
Мындай чечимди Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту түн ичинде кабыл алгандыгы такталды. Жеңишбай Бекиев 10-апрелге чейин УКМКнын СИЗОсунда камакта болот.
Бухгалтер жана муфтий Максат ажы Токтомушевге Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин “Пара берүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн