Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 06:40
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

Муфтийлик кызматка келе турган талапкерге жана бийликтегилерге айта турган бир ооз кеңеш

09.06.2021 15:36
1954
Муфтийлик кызматка келе турган талапкерге жана бийликтегилерге айта турган бир ооз кеңеш


Кудай буюрса жакын арада өтө жоопкерчиликтүү муфтийлик кызматка келе турган талапкерге жана бийликтегилерге айта турган бир ооз кеңеш.

Чынын айтсам Азирети муфтийлик кызматка кое турган талапкерлердин биринин дагы программасын, кадам - кадам иш - пландарын көрө алганым да жок, "ичим да чыккан жок".

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасы ( КМДБ ) - бул 7 облустук жана 2 шаардык казыятты, 64 райондук хатибиятты, 3000ге жакын мечитти, 100дөй медресени, 10дой диний жогорку окуу жайды, аалымдар кеңешин, муфтият ж.б. камтыган, мындайча айтканда мамлекеттин бир чоң министирлигиндей эле чоң бирикме. Түзүлгөндөн бери ушу убакка чейин өзүн - өзү камсыз кылуу менен мамлекетке ар  тараптан жардам берип келгенин билебиз...

Кээ бир мамлекеттер болсо өздөрүнүн муфтияттарын өз карамагына алып, ар тараптан жардам берип, көтөрүп, иштешип келет. Мисалы, Турцияны алсак, килейген диний Дианет уюмун түзүп коюшкан. Ошол эле Дианет уюму биздеги Бишкек шаарындагы борбордук "Имам Сарахси" мечитин 30 миллион долларга куруп беришти жана ага кетип жаткан күнумдүк чыгымдарын, ошондогу иштеген он молдонун айлыктарын берип турушат. Эми андан алыс кетпей эле жакынкы кошуналарды казактар менен өзбектерди алалык. Алардын мамлекети муфтиятына заманбап имараттарды (конференц залы) менен куруп, муфтияттын кызматкерлерине үй салып беришти ж.б. Кыскасы казактарга, өзбектерге барганда арданасың да, бизге алар келгенде уяласың...

Эми бизге келсек, биздин муфтият Сталиндин убагында салынган, эскилиги жеткен курулушта арендада отурат. Калганын айтпай эле коеюн...

Бийликке улам-улам келгендер болсо, биякты көтөрүүнүн ордуна, аңдымай, чукумай, озүнүн кишисин коюп, шайлоого иштетмей менен эле алек болуп келишти...

Эми эмне кылышыбыз керек?

Дагы деле өйдө жакты (бийликти) карап, жалдырап отура беребизби?

Жок, андай кылбашыбыз керек го. Ооба, азыр КМДБ кыйын ахыбалда, беш айдан бери кызматкерлер айлык албай иштеп жатышат...

Эми талашка түшкөн муфтийлик кызматка келе турган адамды чоң сыноо күтөт, ошону үчүн жүдөбөй ыкчам иштей баштасын:

Биринчиден, тез арада мобилдүү команда түзүп, мындайча айтканда муфтияттын жаңы түзүмүн түзүү менен тажрыйбалуу кызматкерлерди алып, тез аранын ичинде ишке салуу.

Экинчиден, облустук казылыкка жана райондук имам-хатибге таза, илимдүү, аракетчил балдарды алып келиш керек (андайлар бар, толтура).

Үчүнчүдөн, КМДБнын бир жылдык бюджетин ыкчам чечиш керек (эгер аны түшүнсө, аны чечүү жолу бар)...
Азырынча ушул үч маселени чече алса, анда ага кичине ишеним болот, кыла албаса анда артка кеттик...

Мусулмандардын Курултайы ар кандай себептер менен үчүнчү жолу жылдырылды. Эми келе турган адам бийлик жактырган адам болот жана бийликтин жүзү болот...

Ал эми бийлик жок дегенде кошуна мамлекеттердей, КМДБны ар тараптан көтөрмөлөйбү же... Аны убакыт көрсөтөт.
Эгерде ушул жазылгандарды Президент Садыр Нургожоевич жана анын досу Камчыбек Ташиев да окуп коюшса жакшы болот эле. Муну айтканымдын себеби, Азирети муфтийликке татыктуу адамды алып келип, КМДБнын аброюн көтөрүш керек.

КМДБда тазалык, ыйман болсо - мамлекет жана коом оңолот.
Ин шаа Аллах.

Бакыт Нурдинов
Редакциядан: Автордун макаласы редакциянын көз карашын чагылдырбайт

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн