Бугу 21, 2024
Убакыт: 07:37
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Мугалим мөмөлүү дарак: Полковник Жыргалбек Айдарбековдун өрнөктүү сабактары (фото)

22.03.2021 10:09
781
Мугалим мөмөлүү дарак: Полковник Жыргалбек Айдарбековдун өрнөктүү сабактары (фото)

 

Мугалимдик кесипти аркалап, түйшүгү түмөн мугалимдиктин убакерчилигине кайыл болуп, ишин улантып келе жаткан ИИМдин Э.Алиев атындагы Академиясынын Жазык процесс кафедрасынын башчысы, юридика илимдеринин кандидаты, милициянын полковниги Жыргалбек Айдарбеков өзүнүн эмгек жолу тууралуу сөз кылат.

 

БИЛИМ ЖАНА ТҮЙШҮККӨ БИРДЕЙ АРАЛАШЫП...

Жыргалбек Айдарбеков мугалимдин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келип, бала кезинен атасынын кесибин улантууну самайт. Бирок ал 11-класс кезинде атасынан айрылат. «Атам мени билимдүү адам болушуң керек дечү эле… Атамдын бул сөзү ички сезимимде кайнап, атамдын ишеничин актоо үчүн билим алууга болгон аракетимди жумшадым», дейт ал. Орто мектепти жакшы окуп, алдыңкы окуучулардын катарында окуп, жалаң “5” деген баа менен аяктайт. Үйдүн улуусу болгондуктан апасына каралашуу, кийинки инилерине жардам берүү деген түйшүктөргө эрте аралашкан.


АГА ЖОЛУН АРКАЛАП...

Кичине кезинде атасынын агасы милиция тармагында кызмат кылган. Ал агасын көрүп, жаштайынан форма кийүүнү самап, агасындай болууга да умтулат. Келечектеги кесиби жөнүндө балалык кыялдарга батып, көкүрөктөгү бул кыялдын учкуну чоңойгон сайын ойгону, ошол маалда эле милиция болууну самайт.


СЫНАКТАР ЖАНА СЫНООЛОР


Жыргалбек Айдарбеков жогорку окуу жайдан билим алсам деген тилеги тынчтык бербей, Бишкек шаардык милиция мектебине эки жолу тапшырып, эки жыл катары менен өтпөй калат. Бул жолу айылга барып айылдаштарынан, “дагы өтпөй калдыңбы?”деген сөздү угуу мурункудан дагы оор болорун сезип, Бишкек шаарынын Аскердик комиссариатына кайрылып,  аскерге жөнөтүүнү өтүнүп жатып, мекенге кызмат кылууну туура көрөт. Аскерден каарманыбыз мурункудан чыйралып, кызматын өтөп келип, кайрадан өзү самаган Милициянын мектебине келип, бул жолу  ийгиликке жетишет. 2003-жылы окуу жайды артыкчылык диплому менен аяктап, алгач ушул эле окуу жайда Ички  аскерлер жана Мамлекеттик жаза аткаруу кызматына кызматкерлерди даярдоо факультетинде взводдун командири болуп ишин улантат. Атасынын тилеги тынчтык бербей, билимин тереңдетүүнү көздөп, 2007-жылы Москва шаарындагы ИИМдин башкаруу  академиясынын адьюнктурасына тапшырып, билим алууну улантат. 3 жыл окуп, билимге болгон кызыгуусу артып, билек түрүнө илим жолуна түшүүнү туура көрөт. Окуусун аяктап мекенине келген Жыргалбек Айдарбеков 2010-жылдан баштап ИИМдин Академиясынынын Жазык процесстик кафедрасынын окутуучусу болуп эмгек жолун улантат. 


Баардык  баскычтарды басып, илимий эмгектерин да жаратып, диссертациясын жактап илимге билек түрө киришип, “Кылмыш жаза кодексиндеги мүлктүк жазалар” жаатында илимий ишин ийгиликтүү жактайт.  Келечекте “Докторлук” диссертацияны жактап, илимий изилдөөнү жүргүзүп, юридика илимине өз чыйырымды салсам деген асыл ойлору бар экенин айтат. “Илим өтө терең, артынан түшкөн сайын улам кызыгың артат”дейт каарман.



КЕЛЕЧЕК ЭЭЛЕРИ УБАГЫНДА, УЧУРУНДА  БИЛИМ АЛСА...


ИИМдин Академиясы өзүнүн билим берүүнүн сапатын арттырууда курсанттарга жакшы шарттар түзүлгөнүн белгилеп, компьютерлешкен коомдо заман талабына ылайык иштер жүргүзүлүп жатканын айтты. Бардык дарс окуучу залдарда электрондук доскалар илинип сабак учурун туура пайдалануу колго алынганын, окуу куралдары курсанттар үчүн жеткиликтүү  экенин айтат. 


Билим берүүдө артыкчылыктар жана жетишкендиктер мол экенин белгилеп, ийгилик жараткан курсанттар суурулуп чыгып жатат, дейт ал.

ИИМдин Академиясы өлкөбүздө жападан жалгыз адистешкен окуу жайы болгондуктан, 4 жылдык билим алуу учурунда моралдык жактан да туруктуу кызматкерлер даярдалаарына токтолду. Анткени, башка окуу жайларга салыштырмалу тартип жагы жакшы колго алынгандыктан, келечектеги милиционерлерге курсант кезинен баштап кыйынчылыктарга туруктуу  кадрлар даярдаларын айтат.



ЖАЗЫК ПРОЦЕССТИК КАФЕДРАСЫНЫН ЖАМААТЫ


Жазык процестик кафедрасында илимий кандидаттыгын жактаган төрт кызматкер эмгектенсе, алардын экөө профессор, андан тышкары кутуучулар  тергөө кызматтарында иштеп келген тажрыйбалуу мугалимдерден туруп, баардыгы кесипкөй кызматкерлерден куралган.

Ж.Айдарбеков жетектеген Жазык процесстик кафедрасы 2020-жылдын жыйынтыгы менен ИИМдин Э.Алиев атындагы Академиясынын мыкты кафедрасы наамына жетишкен.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн