Билим берүү жана илим министрлиги социалдык тармактарда тараган окуучу менен мугалимдин окуясы боюнча түшүндүрмө берди.
Маалыматка ылайык, окуя Сузак районунун Сафаровка айылындагы №1 Ж. Бөкөнбаев атындагы мектепте 23-май күнү болгон.
Анда информатика мугалими Э.М. 7-класстын окуучусун сабаган.
Аталган окуя боюнча Сузак райондук милициясы териштирүү иштерин жүргүзүүдө.
Ал эми министрлик окуяга байланыштуу комиссия түзүп, анын жыйынтыгында тиешелүү чара көрүлөрүн билдирди.
Пикирлер (2)