Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 06:42
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Бишкекте "Санарип мугалим" онлайн-вебинарлары өткөрүлөт

10.08.2020 15:59
1391
Бишкекте "Санарип мугалим" онлайн-вебинарлары өткөрүлөт


5-августтан 25-августка чейин бардык жалпы билим берүү мекемелеринде «Санарип мугалим» онлайн-вебинарлары өткөрүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, мугалимдер менен интернет аркылуу сабак берүү ыкмасын, жетишкендиктерин баалоо, балдар менен иштөө, окуучулар жана мугалимдер арасында психологиялык кризис жаратпоо жана башка маселелер талкууланып жатат. 


"Онлайн сабактарды Илим жана билим берүү министрлигинин адистери эки этапта өткөрүп жатышат: 1-этап (5-16 –август) - жетекчилер үчүн, ал эми 2-этап (17-25 –август) - жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдери үчүн уюштурулат", - деп айтылат маалыматта. 



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн